Киргизский перевод С. Нашатбаева
Источник: Игорь Жортуулунан боян: Дастан / Котор. С. Намаб Наматбаев. Фрунзе, 1986.
- 1. Игордун, Игорь Святославичтин
жортуулу жөнүндөгү кайгылуу баянды
нускалуу сөзгө салып баштасак кантет,
туугандар? - 2. Анда дастанды Бояндын ыкмасына салбай,
бүгүнкү күндүн болмушунан
баштайлы эмесе, карап калбай! - 3. Кайыптан кабар алган көзү ачык Боян
бирөөнү мактап ырга салганында,
Куюндай күлүк санаага минип,
көк серек болуп жер сырын билип,
көк туйгун болуп көккө учуп барып,
Жаратчу дастан акылга салып. - 4. Тээ илгерки ырксыздык, кастык жайын
ал адам айтчу дайым.
Ошондо ал ак куулардын тобуна он шумкар салып:
Шумкар биринчи тепкен ак кууга
дароо тил бүтө калып,
карыя Ярославды
Касогдордун кошуунун каратып туруп, Редедяны мууздаган
каарман Мстиславды
жанда жок Роман Святославичти
биринчи мактап ырдачу, жаагын жанып. - 5. Боян чыны, туугандар, ак куулардын тобуна
он шумкарды шилтеген эмес, таптап,
сыйкырдуу он манжасы
жандуу кылдарга ойносо таптак
кылдар шаңгырачу, княздарды мактап. - 6. Бул баянды, туугандар,
Илгерки Владимирден баштайлы да, бүгүнкү Игорго
жеткирип таштайлы.
Игорь болсо өз акылын эрки менен ширеген
Жүрөгүн курч эрдик менен бүлөгөн: - 7. баатырдык кайрат койнуна батпай,
тайманбаган жоокерлерин
Орус элинин намысы үчүн,
Кыпчактардын кыйырына аттанткан, топтоп күчүн. - 8. Ошондо Иторь асманга көз чаптырып,
күндүн көзү бузулуп,
ымырт басып тутулуп,
жоокерлери күмүрөй түнгө чулганып калганын көрөт. - 9. Князь Игорь
эр жүрөк азаматтарына кайрылат: - 10. »Боордошторум, сай кашка жасактарым,
Туткун болгуча уятка калып,
өлгөн артык кармашып жатып. - 11. Орошон атка
минели да,
Көгирим Донду
көрөлү». - 12. Княздын акылы
тилегине арбалып,
Улуу Дондон суу ичем
деген үмүтүнө кармалып,
жаман жышаанды оюна албай кеп салды: - 13. »Кыпчактар менен өлбөгөн жерде калайын,
апыл-тапыл чоң мүшкүл ошолорго салайын;
туулгам менен суу ичип, Донду барып көрөйүн,
Ажал жетип күн бүтсө,
орустар, силерден калбай өлөйүн!» - 14. О Боян, байыркынын булбулу!
Ал казатты жер чечегин безеп ырдамаксың,
булуттуу көктүн астынан, муундуу чөптүн үстүнөн
акылың менен учмаксың.
Эски-жаңы заманды мактап ырдап сызмаксың,
Трояндын чыйыры менен
түздөн тоого чыкмаксың. - 15. Игорь жөнүндө сөз сандыгын ачмаксың.
Велестин небереси: - 16. »Бороон-чапкындан буюгуп,
бекинбеди шумкарлар.
Улуу Донго сабалап
учуп келди каргалар». - 17. Же мындай деп баштамаксың,
көзү ачык Боян,
Велестин небереси: - 18. »Орус аттары Суладан ары кишенейт –
Киев атак-даңкка бөлөнүп,
Керней-сурнай Новгороддо тартылып –
Путивлде кызыл байрак желбирейт.
Игорь болсо жандай көргөн иниси Всеволодду күтүп жатты. - 19. Буй тур Всеволод агасына кайрылып айтты:
- 20. »Жатындашым, жан боорум –
бир өзүңсүң, Игорум!
Экөөбүз тең – Святославдардын тукумубуз! - 21. Уялашым, сайтаман күлүктөрүңдү
току. - 22. менин учкул тулпарларым дапдаяр турат
Курскиде токулуу. - 23. Жигиттерим сыр билги:
сыр найзанын учу менен,
болот кылыч мизи менен жүрүшөт, - 24. жолду жакшы билишет, жебелери тартылуу,
көкүрөктө чарайна, далыда калкан асылуу,
кылычы кындан суурулуп, саадагы белде тагылуу. - 25. Керт башына сый-урмат көздөп, князга атак-даңк издеп,
Көк бөрү болуп талаада желип-жортуп жүрүшөт». - 26. Ошондо князь Игорь алтын үзөңгүгө бут салып,
айдын талааны аралап дуу жөнедү, - 27. күн анын жолун түнөртүп, караңгыга бөлөдү.
- 28. Алай-дүлөй каран түндө куштар учту, түнөгүн таштап,
айбанаттардын ызы-чуусу таш жарат, - 29. дөө чаңырат чокудан – ачуу үнүн белгисиз жерлерге дабыштап,
Волга,
Помория,
Посулия
Сурожь -
Корсунь
жана сага да, Тмуторокандын моло ташы! - 30. Кыпчактар болсо өңгүл-дөңгүл жол менен
улуу Донго дуу койду түмөндөгөн кол менен:
кыйчылдайт жети түндө арабалар,
чочулашкан ак куулар сымал.
Игорь болсо аскерлерин Донго баштап жөнөдү. - 31. Бирок аны кырсык чалып калганын
баяндашат кузгундар куркулдашып;
карышкырлар улуп-уншуйт жылгалардан
жамандыктан кабар салып;
бүркүттөр айбанаттарды тарпка чакырат, кызыктай шаңшып,
Түлкүлөр кызыл калканга үрөт, айбаттанып. - 32. О орус жери! Сен адырдан ары калдың закымданып!
- 33. Күн көрүнбөй күүгүмдөп, от көрунбөй бүлбүлдөп,
- 34. безеленбей булбулдар, туман басып түн түштү.
- 35. Бир оокумда
супа салып таң атып,
чөкө таандар ойгонду. - 36. Орустар айдарым ай-талааны калкандары менен тосушту
Керт башына сый-урмат көздөп, князга атак-даңк издеп. - 37. Жума күнү сопу саадак чалганда, таң сөгүлүп калганда,
Арам пейил кыпчактарды талкалап, кызыл уук кылышты,
жебе болуп атылып, ай-талаага чачылып,
кыпчактын кызыл кыздарын олжолоп алып тынышты.
агар алтын,
ак күмүш,
кымкап, баркыт
артына кетишти. - 38. Кештелүү жабуу, чапан тон,
Кымбат кийим-кечегин
белден баткак, сормо сазга өткөел кылып төшөштү. - 39. Ак асаба-
кара желек,
Күмүш түпөк,
Сыр найза –
Эр жүрөк Святославичке тартууланды! - 40. Ай-талаада үргүлөшөт, түнөгүнөн алыс учкан
Олегдин эр жүрөк барчындары! - 41. Бирок алар
туйгунга да,
ылаачынга,
же сага, кара карга кейптенген куу кыпчак,
кастык үчүн жаралган эмес! - 42. Гзак түн жамынып карышкырча желет,
Кончак ага улуу Донго нз салып берет. - 43. Эртеси таң апак-шапак болгондо,
Канталап кызарган таң жаман апаздан кабар берет; - 44. орустун төрт күнүн жаап салмак болуп,
калдайган кара булут деңизден көтөрүлүп келет,
чагылган жарк-журк этет. - 45. Күн күркүрөп,
улуу Донго жебелер көшөр болуп куйчудай! - 46. Улуу Дондо Каялыда
Кыпчактардын туулгасына
кылыч ойноп,
найза сынат. - 47. О орус жери! Сен адырдан ары калдың закымданып.
- 48. Стри-кудайдын небереси – сары шамал аркырап бетке чабат,
Игордун жигиттерине деңизден жебе учурат. - 49. Жер титиреп,
Ылайланып агат суу.
Талаадан тозоң буркурап, чаңды обого сапырып, - 50. Дон тараптан, деңиз жактан
Жоо көрүндү, желектерин жапырып. - 51. Кыпчактар орустардын колун курчап алышты.
- 52. Жан алгычтай ой-талааны жаңыртып, кыргын-сүрөөн салышты.
Эр жүрөк орустар кызыл калканын бетке кармап,
бек тирешип жатышты. - 53. Жаалдуу Всеволод
Сен алдыда жүрүп салгылашасың,
душманыңды жебе менен жексендеп,
туулгаларын албарс кылыч менен бөлө чабасың! - 54. алтындуу туултаңды жаркылдатып,
кирген эле жеринде кыйрыңа келген кыпчакты,
кылыч менен кайсалап уруп-согуп барасың,
көөдөндө башын аласың - 55. Жаалдуу Всеволод
Шиберге тийсе өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен кылычыңан
аварлардын туулгалары барча-барча чабылды. - 56. Өзүнүн байлыгын, намыс-арын,
Черниговдогу атасынын алтын тагын
Кыз алган жары Глебовнанын кызыктырган кылыгын
эсинен чыгарып салган адам өлүмдү ойлонбойт белем, туугандар. - 57. Жыл алмашып, кылымдар тогошот:
Трояндын заманы өттү-буттү.
Ярославдын доору келди-кетти.
Олегдин, Олег Святославичтин
таймаштары да тамам болду. - 58. Князь Олег жаңжал-чатак чыгарган,
кылыч шилтеп, жаа тарткан. - 59. Тмуторокан шаарында алтын таман үзөңгүсүнө бут салса,
- 60. анын шарактаган үнүн улуу Ярослав уккан.
- 61. Всеволоддун Черниговдогу уулу Владимирдин
ар күнү эртең менен кулагы тунган. - 62. Эр жүрөк жаш князь Борис Вячеславич
Олег деп жаны ачып алаамат жаңжалга катышып,
Канинанын жээгинде жатып калды, жашыл кепин жамынып. - 63. Святополк буйрук берди, дал ошол каргыш урган Каялыдан
атасы Изяславды замбилге салып,
венгердик жорго аттарга артып,
Киевдеги ыйык Софияга жөнөтсүн деп айтып. - 64. Олег Гориславичтин тушунда
княздардын ич ара жоолашуулары күчөгөндөн-күчөп,
Дажь-кудайдын неберелери напат болду,
адамдардын өмүрү кыскарды. - 65. ал кезде Орус жергесинде соко соколоп жүргөн дыйкандар
ал-жай сурашканга чамалары жбк эле, көбүнесе кузгундар
тарп талашып куркулдашчу,
олжо-буйлага туналы деп,
каргалар каркылдап чабытка чыгышчу. - 66. Кырчылдаган ал кыргындар өттү-кетти,
мындай айкаш боло элек көптөн бери!
Кузгун саардан кара кечке,
түн киргенден таң атканча,
Алеңгир жаа, сыр жебе ажал издеп чыркырап,
асмандан жаайт атылып,
туулгага кылыч чабыльш, найза учуна салынып - 67. чоң кыргын болду,
кыпчактардын жеринде.
Ат туягынан кара жер камырдай болуп эзилип,
адам сөөгү себилип,
кан менен сугарылган Орус жеринде
өнүп чыкты кайгы-муң, өлүмгө жол берилип. - 68. Эмне болгон чуру-чуу,
дабыш угулат кулагыма, - 69. тээ алыстан, күн чыкпай жатып?
Игорь ат соорусун салган кошуунун майданга кайра буруп жатат,
уялашы Всеволодго жардамдашсам деп жаны күйүп. - 70. Бир күн кечке чабышты,
эки күн кечке салышты.
Үчүнчү күнү түш оой Игордун колу жеңилип,
найзасы жерге сайылды, асабасы жайылды. - 71. Күкүктөп аккан Каялынын жээгинде эки бир тууган айрылышты,
- 72. кандуу шарап жетпей калды.
- 73. Каарман орустар тоюн тойлоп бүтүштү.
Кудаларын кансыратып,
өздөрү Орус жергеси үчүн
каза болуп, кара жерди жазданып жатып калышты. - 74. Чөп солуду жапырылып,
дарактар аза күттү, сабылышып. - 75. Ошондон тартып туугандар, кыйын мүшкүл башталды.
Ээн талаа аскерлерди соруп алды. - 76. Дажь-кудайдын неберелери өз ара араздашып, жоолашып,
жаман адат Троян жерин каптады.
Ак куулар Дондогу көк деңизде таранып,
эзелки чыр-чатакты ырбатты. - 77. Уй бөйрөк княздардан бирдик кетип,
Тили буруулар менен таймащууну токтотушту,
бир тууган бир тууганына атырылат:
»Мунусу да меники, анысы да меники!»
Княздар «арадай жерге чарадай жыйын» кылып,
ич ара күпүр сөз таратып,
кайнаса каны кошулбай касташып жатканда, - 78. Кара тааңдай кыпчактар кара башыл туу менен,
кара жер көчкөн чуу менен
Орус жерине туш-туштан чабуул коюп кирип барды. - 79. Куштарды кууп, ак шумкар көк деңизге кирип келди,
- 80. Игордун шейит болгон жоокерлери тирилип келбейт эми!
- 81. Карна аларды жоктоп кошок айтып,
Желя жүрөт Орус жерин аралай чаап, - 82. мүйүзүнөн от чачып,
Каралуу орус жубандары өксүп ыйлайт чачын жайып, - 83. »Жарыбызды бирге өскөн кармасак дейбиз – кол жетпейт,
Көрсөк дейбиз – көз жетпейт,
Күмуштөй оролушуп, жездей чырмалышып,
жүрө албайбыз эми биз,
Сары дилде, ак күмүшкө оронуп,
күлө албайбыз зми биз». - 84. Киевди кайгы-муң басып, Чернигов кол салуудан онтолоп,
тура албай калды туугандар. - 85. Орус жери санаага жабыгып:
Күйүт басты, кирген суудай агылып. - 86. Княздар жоолашып, эпке келбей жатканда
- 87. Кайырдиндер башка чыкты:
үй башына салык салып,
түтүн сайын алым алып. - 88. Ал анткени эки эр жүрөк Святославичтер,
Игорь жана Всеволод,
Кыпчактардын өчпөс кегин козгоп салышкан эле.
Заманында алардын улуу агасы, Киевдин князы Святослав - 89. кайраты бойго карк болуп, эки көзү төрт болуп,
жоокерлерине жол баштап, алмаз кылыч шилтетен.
Кыпчактарга ат коюп, тебелеп тоосун, оюн-түзүн,
ылайлап көлүн, соолутуп суусун, сормо сазын,
басынтып кың дегизбей койгон эле.
Лукоморго барып, кыпчактардын ханы Көбөктү
кармашта туткунга алып,
өзүнүн Киевдеги сайран сарайында
өлтүрүп салган эле. - 90. Немецтер менен венециандыктар,
Гректер менен моравиялыктар
Святослазды даңазалап,
Каялыга орустардын алтынын, дүр-дүнүйөсүн агызып ийген
Игорду жемелеп, кеп айтышты токонаалат. - 91. Игордун сыймыгы башынан качып,
жылдызы жерге түштү, туусу кулады,
Алтын ээрден кыңкайып, үзөңгүдөн бут тайып,
кыпчактарга туткун болду. - 92. Орустун шаарларын муң басып,
Таң-тамаша кан буугандай токтоду. - 93. Святослав Киевдин тоолорунда жүрүп,
мүшкүл түш көрдү. - 94. »Түндө мени кара кепинге алып,
жыгач керебетке жаткызып, - 95. суусунга угуту өзөктү өрттөгөн
көпкөк шарап берип жатышкансыйт. - 96. Кайырдиндердин көңдөй саадагынан тоодой тубар бермет алып,
- 97. үстүмө үйүп жатышкансыйт.
- 98. Түндүгү алтын мунаралуу үйүмдө
Князь көрүнбөйт, - 99. Киянинин чытырман токоюнда, Плесеньсканын шалбасында
кузгундар куркулдап, көк деңизге учуп кетишти». - 100. Боярлар княздын түшүн минтип жорушту:
- 101. »Сары убайым акылыңды мунарыктатып салыптыр,
- 102. Кош туйгун атасынын алтын тагынан
Тмутороканды көргөнү, туулгалары менен Дондун суусун
ичкени учуп жөнөптүр,
Кыпчактар туйгундардын канатын кайрып,
кылычтап салышыптыр, буттарына темир боолу салып». - 103. Үчүнчү күнү карантүн түштү:
Кош жаркын күн тутулду.
Кош чыгаан, Олег жана Святослав
караңгылыкка сорулуп, деңизге чөгүп кетишти. - 104. Кузгундаган Каялыда каран түн жарык күндү жаап салды:
- 105. Орус жерин кыпчактар каптап кирди
чөөдөй болуп,
Алыскы хинови калкы да баш көтөрүп, кайратына келди,
кыпчактарга жан тартып. - 106. Жакшылыкты жамандык жеңип,
- 107. эркиндик күчкө багынып берип,
- 108. дөө орус жерин жердемек болду, шаңданып
- 109. Готтордун суйкайган сулуу кыздары
көк деңиздин жээгине чогулуп,
Орус алтындарын шаңгыратып,
Бостун заманын мактап ырдашат,
Шарукан үчүн өч алууну тилек кылып сырдашат. - 110. Биз, ишенимдүү жоокерлер, сайран куруп,
Көңүл ачуудан калдык тирүү туруп. - 111. Ошондо улуу Святослав
каңырыгы түтөп,
алтын шилекейин чачыратты: - 112. »О менин кош уланым Игорь жана Всеволод!
Кылым журт болгон кыпчакка эртерээк кылыч сунуп
алаамат салдыңар,
атак-даңк алабыз деп.
Жеңдиңер – абийир албай,
Кан төктүңөр – намысыңар колго тийбей. - 113. Силердин эр жүрөгүңөр
болот менен ширетилген,
эрдик менен бүлөтүлгөн. - 114. Күмүш чалган куудай сакалымды сыйлабадыңар,
акылымды укпадыңар. - 115. Ары күчтүү, ары мол,
азар түмөн колу бар
уялашым Ярослав бийликсиз калды.
Ал деген Черниговдун боярлары, жарандары,
татрандар,
шелбирлер,
топчактар,
ревугдар,
алберлер менен
желегин желге желбиретип, ураан таштап,
калкансыз, кылычын кындан суурбай,
кестиктери менен эле чабуул коюп муюбай,
сан-түмен жоосун жеңчү, ата-бабанын арбагы колдоп. - 116. Бирок силер айттыңар: «Өзүбүздү өзүбүз билип калганбыз;
баатыр бабалардын байыркы даңкына мураскор болуп калабыз,
болочок даңкты өз ара бөлүп алабыз!» - 117. Өзүм карысам да акылым тунук, билсеңер.
- 118. Куш кырааны-ылаачын
үч курдай түлөсө,
атып чыгат асманга
буздурбайт ал өз түнөгүн жаттарга. - 119. Жаман жери орустун ит арка княздары
мага кол кабыш кылбай, - 120. мүшкүл иш башка түштү далай-далай.
- 121. Римов калаасында кыпчактар кылычтарын жалаңдатып,
Князь Владимир Переяславдагы таймашта жарадар болду, - 122. Глебдин уулу кайгы-санаага батты!»
- 123. Мартабалуу князь Всеволод!
Кыялын менен оболоп, учуп келип алыстан
атандын алтын тагын сактасам деген ой барбы, сенде? - 124. Кааласаң Волганын суусун калагың менен какшытып,
Дондун суусун туулгаң менен соолто сузуп коймоксуң! - 125. Ушээрде болсоң сен эгер
күңдөрдүн баасы бир тыйын,
кулдардын баасы жарым тыйын болмок. - 126. Глебдин чыгаан уулдарын
өрт менен селдей каптатып,
душмандарыңды жер менен жексен кылмаксың! - 127. Сырттандар Рюрик жана Давыд
Алтынбооч туулгалары канга чыланып
кан жөткүргөн жоокерлер силердики эмеспи? - 128. Бөлөк эл, бөтөн жерде
кайырдиндер кылычтап,
өгүздөй өкүргөн
силердин жоокер эмеспи? - 129. Аттангыла төрөлөр, алтын үзөңгүгө бут салып,
өч алчу мезгил келди деп,
Орус эли-жери деп,
Игорь Святославичтин жаралуу асыл жаны үчүн деп,
чоң казатка чыккыла! - 130. Осмомысл Ярослав!
Галициядагы алтын тактыңда отурасың,
Таажыңы жаркыратып, Карпат тоолорун курчап салып,
Темирдей теңдеши жок кошундарың
Венгер королунун жолун бөгөдү.
кемелериң Дунайда өйдө-төмөн сүзүп жүрөт,
душмандарың даай албай, мүңкүрөп. - 131. Киевдин дарбазасын ачып салдың.
Атагың ааламга кетип,
жабалактаган жат душмандын эсин эки кылдың. - 132. О төрө, Орус эли-жери үчүн,
Игорь Святославичтин жаралуу асыл жаны үчүн,
оңбогон Кончакты атып түшүр,
ушунда бир көрүнсүн күчүң! - 133. Жаалдуу эрлер Роман жана князь Мстислав!
Обологон омоктуу оюңар эрдикке үндөйт силерди. - 134. Эл чётинде, жоо бетинде болсом деп
асманга атыласың бүркүт болуп,
жем кыласың куштарды, канга тоюп. - 135. Сенин темирдей бек азаматтарың
латындардын туулгасын кийип,
чоочун эл, чоочун жерди
Көптөн бери титиретип турушат.
Хиновилер,
Литвалыктар,
Ятвягдар,
Деремелдер тизе бүгүп.
Кыпчактардын найзасы колдон түшүп,
Көөдөндө башы кыйылды, күнү бүтүп. - 136. Ушул азыр, князь Игорь –
төбөдөгү жарык күнүбүз тутулду,
дарактардан жалбырак эрте түшүп, жаман жышаан башталды. - 137. Роси! жана Суланын өйүз-бүйүзүндөгү шаарларды
кыпчактар ээлеп алды.
Игордун калкка калка болуп, о дүйнө кеткен кошуундары
тирилбейт эми! Өлгөнгө салабат, өткөнгө салабат. - 138. Дон суусу сени, князь, эрдикке үндөйт,
княздарды жеңишке сүрөйт. - 139. Олегдин уулдары, каарман княздары майданга кирип келди.
- 140. Ингварь, Всеволод,
жана да Мстиславичтин үч уулу,
Ыл түлөк шумкарлар!
Эмнеси болсо да жериңерге жер кошуп алдыңар! - 141. Алтындуу туулгаңар,
польшалык найзаңар,
жана калканыңар кайда калган, айтсаңар? - 142. Орус эли-жери деп,
Игорь Святославичтин жаралуу асыл жаны үчүн деп,
кыпчактарды жаа менен аткыла,
душмандарды чек арага түк жолотпой салгыла! - 143. Сула Переяславль шаарын бойлоп акпай калды,
күмүштөй болуп жалтылдап,
Шаркыраган Двинадан суу тартылып, чалчык болду,
кыпчактардын чабуулуна бөгөт болбой. - 144. Бир гана Васильковдун Изяславы
ач албарс кылычын
литвалыктардын туулгасына ойнотту.
Ошентсе да, чоң атасы Всеславдын намысын колдон алдырып,
кызыл калканын жамынып,
Литвалыктардын кылычынан өмүрү кыйылып,
үстөмөедөп кулады,
кызыл канга боёлгон калың чөпкө жыгылып. - 145. Эстен танып бара жатып, уккан сөзү бул болду:
- 146. »Кошуунуңду, князь,
бөрү жарды,
кузгун тойду». - 147. Бир туугандары Брячислав жана Всеволод
кашында болбой калды.
Алп денеден алтын жан
учуп кетти чыркырап. - 148. Шаарда таң-тамаша басылды,
аза күтүп, керне-сурнай тартылды! - 149. Ярославдын, Всеславдын неберелери!
Желегиңерди жерге салбыратып,
Кайнаса каны кошулбаган княздардын
чатагынан мокогон кылычыңарды кынга сала тургула.
Ок тиштешкен анты көп, антынан да манты көп
болуп келдиңер - 150. ата-бабаңардын даңкынан кол жууп баса бердиңер,
- 151. Алакага келе албай жүрүп кайырдиндерди
Орус жергесине,
Всеславдын жерине
каптатып жибердиңер. - 152. Кыпчактардын зордук-зомбулугу күчөдү.
Трояңдын жетинчи кылымыңда - 153. Всеслав көзү түшүп, жете албай жүргөн кызына –
Киевге бел байлады. - 154. Киев шаарын амал-айла менен алсам деп,
таш өбөк салып чаап барды.
Найзанын түпөгүн
Киевдин алтын тагына жанып алды, - 155. ээн жердин бөрүсүндөй болуп,
Белгороддон түн жамынып качып чыкты. - 156. Көз боочудай кубулду, тилеги жүзөгө ашты,
Новгороддун дарбазасын үч тартып ачты.
Ярославдын абийирин күлдөй төктү, - 157. көк серек болуп кубулуп,
Дудутоктон Немиганы карай жойлоду.
Немигада кызыл кырман: адамдын башынан боо боолап,
эгинди албарс кылыч менен бастырып,
тирүү адамдардан чөмөлө салышты,
жанын денелеринен сапырып алышты. - 158. Немига өзөнүнүн кандуу жээгине
эгин себилген жок –
орус уулдарынын сөөгү себилди. - 159. Князь Всеслав эл башкарчу,
княздарга шаарларды бөлүп берип,
Өзү болсо жети түндө көк серек болуп жойлочу.
Короз чакырганча Киевден Тмутороканга жортуп барып,
улуу Хорсту басып өтүп, кирпик какпай таң атырчу. - 160. Полоцкидеги таңкы ибадатта ага арналып,
Ыйык Софиянын коңгуроосу кагылса,
ал аны Киевде жатып угуп алчу. - 161. Всеславдын чулу денесинде укмуштай жаны болсо да,
турмуштун азап-тозогун далай зле тартты. - 162. Тилинде сөөлү бар, көзү ачык Боян,
ал жөнүндө мындай санат сөз чыгарган: - 163. »Акылмансыңбы ашынган,
айлакерсиңби жашыңдан
кыраансыңбы шаңшыган,
Кечээ-бүгүн, эртеңиң – пешенеңе жазылган. - 164. О, Орус жери онтолойт күңгүрөнүп,
бабалардын доору, оболку княздар
Эске түшүп! - 165. Байыркы Владимирди
Киев тоолорунда кармап туруу кыйын болчу,
анткени ал ат тезегин кургатпай,
душмандарга жулунуп турчу. - 166. Бүгүн да даяр турат Рюриктин жоокерлери,
буйрук күтөт Давыддын аскерлери.
Кыпчактардан өч алсак деп камынган менен
өз-өзүнчө желбирейт, ар биринин желектери! - 167. Кан эңсеген найзалары туш-тушту карап мелтирейт.
- 168. Дунайда ак көрпө жайыл Ярославна
таң атпай күкүк болуп муңканат: - 169. »Зейнеп болуп оболоп, Дунайды бойлоп сызамын,
- 170. Кээ жибектен жеңимди Каялы сууга маламын,
- 171. алп денелүү княздын каканактаган жараатын,
аарчып-сүртүп саламын». - 172. Ярославна Путивлдин сепилинен
күн чыкпай жатып эчкирип ыйлайт: - 173. »О, шамал, аркыраган катуу шамал!
О теңирим, неге сен тетири согуп калгансың? - 174. Неге сен хиновилердин жебелерин
учкул канатыңа кыстарып,
асыл жарымдын нөкөрлөрүнө учуруп жатасың? - 175. Булуттуу көктүн астынан
буурул чөптүн үстүнөн аркырай согуп,
көк деңиздеги кемелерди астын-үстүн кылганың аз беле? - 176. Неге сен, теңирим, тилегимди таш каптырып,
ырыс-таалайымды талаанын тулаңына сапырып ийдиң?» - 177. Ярославна Путивлдин сепилинен таңгамаал
кунаба жутуп ыйлайт: - 178. »О Днепр дарыя!
Сен кыпчактардын жерин аралай агып,
таш тоолорун тешип өттүң. - 179. Сен Святославдын кемелерин
Көбөктүн өргөөсүнө жеткирип турдуң. - 180. Жалыны күчтүү жарымды жеткизе көр өзүмө,
көз жашымды көлдөтүп,
агызбайын өзүңөн..». - 181. Ярославна Путивлдин сепилинен таң эртең
зар какшайт: - 182. »Жарык күнүм, жарпым жазарым!
Телегейге тең тийип, жарык нуруң чачасың. - 183. Эмнеге эле өзүңдүн мээ кайнаткан аптабыңды
асыл жарымдын нөкөрлөрүнө мелжеп калгансың?
Алар ээн талаа, эрме чөлдө мөгдөп жатат,
жебелери керектен чыгып, саадактары тартылбай». - 184. Түн ортосунда деңиз толкуп чайпалат,
булут куюн болуп чарк айланат.
Кудай таала князь Игорго
кыпчактардын туткунунан бошонуп
Орус жерине –
атасынын алтын тагына жетчү жолду көрсөтүп берди. - 185. Күн батып, иңир кирип калган кез,
Игорь уйку-соонун арасында,
Улуу Дондон кичүү Донго чейинки
жолду ченейт, санаасында. - 186. Түн ортосу болгондо капкан бузуп, тузак үзгөн Овлур
аркы өйүздөн князга камдангын деп белги берди.
Князь Игорь туткунда калбайт эми! - 187. Ат туягынан
жер дүңгүрөп,
чөп шуулдай баштады,
Кыпчактардын чатырлары кыймылга келди. - 188. Князь Игорь шукшурулуп, арыдан бери
аркы өйүзгө атылды,
ак өрдөк болуп сууга кирди. - 189. күлүк атка шапа-шуп минип,
көк серек болуп суналып, - 190. Дондун имерилишине жетип барды.
Ителги болуп көккө атылып,
эртеңки,
түшкү,
кечки тамагына
тээп кирди каз-өрдөктү жапырып, - 191. Игорь шумкар болуп зыпылдай сызса,
Овлур карышкыр болуп желдей учат, шүүдүрүмдү аралап,
Ат күчүн үрөп катуу жүрүп, күлүктөрүн зоруктуруп алышты. - 192. Донец айтты, мелмилдеген:
- 193. »О князь Игорь!
Сенин даражан көтөрүлөт,
Кончак жек көрүндү болот,
Орус жергеси шаттыкка бөлөнөт». - 194. Үн катты Игорь:
- 195. »О Донец!
Сенин да даңкың артылат,
сен мени толкунуңа ойнотуп, кириндирдиң,
өзүңүн күмүштөнгөн жээгиңе
жапжашыл чөп төшөп бердиң,
тумандуу жылуу түндө багбан дарактарыңа баш пааналаттың. - 196. Сен мени суу чулдук болуп суудагы,
ак чардак болуп көлдөгү,
каз-өрдөк болуп ободо коргоп келдиң». - 197. Бирок да дейт Игорь, Стугна суусу – тилсиз жоо:
Илгертен эле далай сууларды, булактарды өзүнө кошуп алып,
бара-бара чоңоюп, терендегенден-тереңдеп,
жаш Князь Ростиславды өз ириминё чөктүрүп салды. - 198. Ростиславдын энеси уулун жоктоп,
жатты боздоп. - 199. Солуду гүлдөр жападан
дарактар ийилди жерге, кападан. - 200. Шакылыктаган сагызган эмес –
Гзак жана Кончак Игорду сапыра кууп калышты,
баскан изин бычактап. - 201. Кузгундар куркулдабайт,
каргалар каркылдабайт,
сагызгандар шакылыктабайт. - 202. Жылан гана сойлоп жүрөт,
Тоңкулдактар сууга барчу жол мына деп баян кылат,
булбулдар сайрап,
Таң сүргөнүн кабарлайт. - 203. Гзак Кончакка айтат:
- 204. »Каса туйгун түнегүнө учуп калса,
анын балапанына сыргалагаң жебелер жаадырабыз!» - 205. Кончак Гзакка жумурдагы сырын айтат:
- 206. »Эгер каса туйгун түнөгүнө учуп калса,
анын балапанына суналган сулуу кыз берип,
таман тузак салабыз». - 207. Гзак Кончакка мындай деди:
- 208. »Кызыбызды берип, тор бала кылып алдасак,
каса туйгундун балапанынан да,
кызыбыздан да, кур жалак калабыз,
Шумкарлар өзүбүздү өз жерибизде
кубалап жүрүп жыга-жыга тебишет, келиштире! - 209. Ырга кошуп
Святославды мактаган,
Ярославдын заманын даңктаган
Князь Олег урматтаган укум сөздүү Боян менен Ходын.
Макалдатып.айткан дешет: - 210. »Башы жок дене болбойт,
денесиз баш болбойт»,–
Орус жери Игорсуз кор болот. - 211. Баштагыдай күн асманда шаңкайып,–
Иторь Орус жергесине кайтып келди жаркырап. - 212. Дунайдан кыздар созолонуп ырдашса,–
үндөрү Киевге шак дей түшөт шаңкылдап. - 213. Игорь Боричевди басып өтүп,
Пирогощей чиркөөсүнө келатат. - 214. Өлкө кубанып, шаарлар шапар тебишти,
айылда калың кара той болуп. - 215. Ырдадык байыркы княздарды даңктап,
ырдайлы эми жаштарын мактап: - 216. »Игорь Святославичке,
жаалдуу Всеволодго,
Владимир Игоревичке түбөлүк даңк!» - 217. Жаша, жаша, княздар, чоролор!
Силер христиан калкын
Жер майышкан колунан кыпчактардын
Калкалап калалыдеп өзүңөр.
Жан кыйдыңар, кан төктүңөр. - 218. Княздардын түбөлүк аты өчпөсүн!
Алардын жасактары да
атак-даңкка бөлөнсүн!
Оомийин.
Ссылка
Если вы используете корпус в научной работе, пожалуйста, сошлитесь на эту публикацию:
Орехов Б. В. Параллельный корпус переводов «Слова о полку Игореве»: итоги и перспективы // Национальный корпус русского языка: 2006—2008. Новые результаты и перспективы. — СПб.: Нестор-История, 2009. — С. 462—473.